Бүгүн Күмүштак айыл аймагында Улуу Жеништин 80 жылдыгына арналган чоң майрамдык иш-чара уюштурулуп, майрамдык жөө жүрүш менен коштолду.
Аталган иш-чарага Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Э. Качиев, райондук аскер комиссары Т. Чынасылов, Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З. Надырбаев, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жубайлары,
Б. Сатыбеков атындагы орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары катышышты.
Алгач Улуу Жеңишке арналган жөө жүрүш Б. Сатыбеков атындагы орто мектебинин алдынан башталып, Ч. Сатаев атындагы маданият үйүнүн аймагындагы Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгондорго арналып тургузулган эстеликтин алдына гүлчамбарларды коюу менен жыйынтыкталды. Майрамдык иш чара айыл өкмөтүнүн башчысынын куттуктоо сөзү менен ачылган соң, согушта курман болгондорго арналып, куран окулуп, эскерүү мүнөтү жарыяланды.
Салтанаттуу иш-чарада Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жубайларына куттуктоо сөздөрү айтылып, айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан ар бирине акчалай сыйлык тапшырылды. Андан соң, мектеп окуучулары согуш, тынчтык темасында көркөм окууларды аткарышып, жеңишти эске салган, Кыргыз Мамлекетине болгон сүйүүнү, патриоттук сезимди ойготкон обондуу ырларды ырдап беришти.
Майрамдык иш-чара андан ары Боо-Терек айылынын борбордук стадионунда уланып, анда Боо-Терек, Кыргызстан, 1-май жана Жон-Коргон айылдарынын тургундары чакыртылып, Нооруз майрамынын жана 9-май Улуу жеңиш күнүнүн урматына арналып, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатына улуттук оюн-зооктор (Көк бөрү, күрөш, футбол, воллейбол, ордо, чуркоо, аркан тартыш, дагара чапмай ж.б.) ойнотулду.
Эмне демекчибиз, Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болуп, Кыргызымдын желеги ободо желбиреп, эгемендүү мамлекетибиз мындан ары да өсүп өнө берсин! Айыл тургундарына ынтымак, биримдик каалап кетмекчибиз.






















































