Бүгүн Күмүштак айыл аймагында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара шаң менен белгиленди. Аталган иш-чарага Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаев, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана айыл аймагындагы 70 жаштан ашкан 180 эне катышты.
Иш-чараны айылдык кеңештин төрагасы Батырбек Акматов жана айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаев куттуктоо сөзү менен ачып, айыл өкмөтүнүн башчысы өз сөзүндө Өлкөбүздүн жана улутубуздун бактылуу келечекке жетүүсүнө энелерибиздин эмгеги зор экендигин, Энелер бар жерде мээримдүүлүк, сүйүү төгүлүп, айланабызга кут, береке кирип тураарын баса белгилеп, майрамдык иш-чарага келген энелерди кызуу куттуктады. Майрамдык салтанатка чакырылган Энелерге айыл аймагындагы таланттуу өнөрпоздордун ыр-бийлери тартууланып, атайын сый тамак берилди.
Жалпысынан Энелер күнүн өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 110 000 (бир жүз он миң) сом акча каражаты жумшалды.






















