Район жетекчиси жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Район жетекчиси жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Бүгүн 2025-жылдын 5-июнь күнү Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жаңыдан дайындалган башчысы-аким Б.Ашимов Күмүштак айыл аймагынын тургундары менен көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана чечүү жолдорун талкулоо максатында жергиликтүү турнундар менен жолугуп, жыйын өткөрдү.

Аталган жыйынга райондук мекеме-уюмдардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Анда жергиликтүү тургундар тарабынан айыл аймагынын социалдык — экономикалык абалын жакшыртуу, өнөр жай тармагын өркүндөтүү сыяктуу бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, айтылган көйгөйлөрдүн ар бири боюнча район жетекчиси менен талкуулар жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында бир катар айтылган көйгөйлөр, сын-пикирлер эске алынып, протоколго түшүрүлүп, иш-чаралар планы иштелип чыкты.

Район жетекчиси жогоруда айтылган сунуш пикирлерди эске алуу менен түзүлгөн иш-чаралар планын аткарууга алаарын айтып, жыйынды жыйынтыктады.

Күмүштак айыл аймагынын аксакалдары тарабынан райондун жаңыдан дайындалган жетекчиси Б. Ашимовго жана акимдин орун басары З. Надырбаевге ак бата айтышып, кызмат орундарын кызуу куттукташты.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх