КР Президентинин № 56 Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерди) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө Жарлыгына ылайык, Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы Тараз -Талас-Суусамыр автоунаа жолунда тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлдү.
Алсак, Боо-Терек айылынын борбордук көчөсү аталган Чубак Сатаев көчөсүндөгү жолго чыгып кеткен мыйзамсыз тосмолор буздурулуп, жол жээгиндеги курулуш материалдары, турмуш тиричилик калдыктары айыл өкмөтүнүн атайын техникалары менен сүрдүрүлүп, тегизделип, айрым учурларда жашаган турак үйлөрүнүн короосуна сүрдүрүлүп киргизилип, ирээтке келтирилди.
Эске сала кетсек, буга чейин Күмүштак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан жол боюнда жашаган айрым тургундарга жол чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо, жол боюндагы курулуш материалдарын алуу боюнча ЭСКЕРТҮҮЛӨР берилген.




