КАНАЛДАРДЫ ТАЗАЛОО ИШТЕРИ КЫЗУУ УЛАНУУДА.

Бүгүнкү күндө Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл аймагында жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү, суугат сууну үзгүлтүксүз жеткирүү жана сууну жоготууну азайтуу максатында чарбалык каналдарда тазалоо иштери кызуу уланууда.

Буга далил, бугунку кундогу Боо-Терек айылынын Кош-Арык массивиндеги Жики жана Кулубай каналдарында тазалоо иштеринин жүрүп жаткандыгы.

Атап кетсем, Жики жана Кулубай каналдарындагы тазалоо иштерине жергиликтуу бюджеттен 641 000 сом акча каражаты болунуп, тендерге берилип, утуучу тараптын атайын техникаларынын жардамы менен каналдагы толуп калган лака тазаланып, казылууда.

Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбаев Замир Медербекович тазалоо иштери жүрүп жаткан каналды жеринде көрүп, тазалоонун жүрүшүн оз козомолуно алды.

Эске сала кетсем, буга чейин айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан берилген тапшырманын негизинде айыл аймагындагы бир катар каналдарда тазалоо иштери жургузулгон.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх