Жарыя 2026

ЖАРЫЯ ЖАРЫЯ ЖАРЫЯ!!!

Сайтка жайгаштырылган күнү: 28.08.2026.

Бакай- Ата районунун  Күмүштак  айыл өкмөтү «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде  башкы кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Бакай-Ата районунун Күмүштак  айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

-муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна;

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны;

2) 18 жаштан  кем болбоосу керек;

3) Кызмат орду боюнча мыйзамдарга жана кызматка кабыл алуу жүргүзгөн жергиликтүү
    өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга
    жооп бериши керек;

4) Мамлекеттик (кыргыз) тилин тийиштүү деңгээлде билүү (Кыргызтест сертификаты
    талап кылынышы мүмкүн).

Төмөнкү адамдар кызматкер боло алышпайт:

5) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун айыптоо өкүмү
    менен кызматкер катары иш алып барууга же мамлекеттик жарандык кызматта жана

    муниципалдык кызматта белгилүү бир кызматтарды ээлөөгө тыюу салынган адам;

6) мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюла элек соттуулугу бар адам.

Административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1)   Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Конституциялык Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7)  “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамы;

8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

11)  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120

токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

1)    Бош административдик кызмат орундарынын башкы тобуна (Б-А)

       (Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары) үчүн:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку кесиптик билим;

2)  иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы  5  жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

  Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
  2. Кыргыз Республикасынын Эмгек  кодексин;
  3. “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  5. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  7. “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  8. “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  9. “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  10. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  11. “Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  12. “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  13. “Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси”
  14. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жана Өзгөчө кырдаалдар жаатындагы ченемдик укуктук актылары;
  15. Кыргыз Республикасынын “Тынч жыйналыштар жөнүндө” Мыйзамы;
  16. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
  17. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестри;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыралына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”;
  • адам ресурстарын башкаруу жаатында;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 “Мамлекеттик жарандык кызматчылардын, муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди билүү.

жөндөмдүүлүк:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жүргүзүү жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
  • өз ишин жана айыл өкмөтүнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • башка органдар менен, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

көндүмдөрү:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
    • адистерди башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу);
    • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
    • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;
  • электрондук документ жүгүртүү системасында (Инфодокс) жана маалыматтык системаларда (мисалы, “Санарип Аймак” ж.б.) иштей билүү;
  • зыянды баалоо боюнча комиссияны жетектөө жана кемчилик актыларын туура толтуруу билүү;
  • өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү менен өз ара аракеттенүү түзүмүн түшүнүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

  • өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтасын, жашаган дарегин, байланыш телефондорун көрсөтүү менен);
  • өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • Акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны    жана    илимий   наамды    (бар    болсо)              ыйгаруу   жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • –“Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификат милдеттүү түрдө;
  • -Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып 2026-жылдын  ____-____________ күнүнөн кечиктирбей онлайн түрүндө өтүнмө берүү зарыл. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:

Башчы                                                                                               М.Ызабеков

____________________________________________________________________________________

ЖАРЫЯ ЖАРЫЯ ЖАРЫЯ!!!

Сайтка жайгаштырылган күнү: 24.08.2026.

Күмүштак айыл өкмөтү тарабынан Боо-Терек айылындагы   Ч.Сатаев  көчөсүнүн №84 дарегинде жайгашкан №9 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун эски төрөт үйүнүн имаратын бузуп, курулуш материалдарын сатуу жөнүндө тоорук жарыялайт. Имараттын сырты бышкан кыш ички дубалы финский. 

Тоорукка катышуу үчүн толтурулуучу иш кагаздар (арыз, паспорт) 2026-жылдын 22-сентябрына чейин Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.

Тооруктун баштапкы баасы 45 000 сомду түзөт.

Тоорук 2026-жылдын 23-сентябрына саат  14: 00 до Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өтөт.

ЭСКЕРТҮҮ: тооруктун жеңүүчүсү аталган имаратты толугу менен бузуп курулуш материалдарын алып кетип ордун тазалоо иштерин жүргүзөт.

Сурап билүү телефондору:    0509-260970

                                                   0700-576657

Күмүштак  айыл өкмөтү

_____________________________________________________________________________________

ЖАРЫЯ ЖАРЫЯ ЖАРЫЯ!!!

Сайтка жайгаштырылган күнү: 24.08.2026.

  Күмүштак айыл өкмөтү тарабынан өндүрүштү  өнүктүрүү максатында,  айыл өкмөтүнө караштуу  № 12 контурдан өндүрүш багытындагы 2,5 га жерди бышкан кыш чыгаруучу завод курууга ижарага берүү боюнча тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө жарыя берилет.

  Тоорукка катышуу үчүн керектелүүчү иш кагаздар (арыз, паспорт) 2026-жылдын 22-сентябрына чейин Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.

Тоорук 2026-жылдын 24-сентябрына саат 14 00 до Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өтөт.  

ЭСКЕРТҮҮ! Тооруктун баштапкы баасы 157 594 сомду түзөт.

Сурап билүү телефондору:    0509-260970

                                                   0700-576657

Күмүштак  айыл өкмөтү

_____________________________________________________________________________________

ЖАРЫЯ ЖАРЫЯ ЖАРЫЯ!!!

Сайтка жайгаштырылган күнү: 03.08.2026

Күмүштак айыл өкмөтү тарабынан 1-Май айылында Аскарбек көчөсүнүн №2д дарегинде жайгашкан Токтогул Чолушев атындагы орто мектебинин эски имаратынан чыккан курулуш материалдарын сатуу жөнүндө конкурс жарыялайт. Кызыктар тараптар өздөрүнүн жеке сунуштары менен катыша алат.

Конкурска  катышуу үчүн толтурулуучу иш кагаздар (арыз, паспорт жана катышуучулардын жеке сунуштары) 2026-жылдын 13-августуна чейин Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.

Конкурс 2026-жылдын 18-августунда саат  10: 00 до Токтогул Чолушев атындагы орто мектебинин имаратында өтөт.

Сурап билүү телефондору:    0509260970

                                                  0707573370

Күмүштак  айыл өкмөтү

_____________________________________________________________________________________

ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!

Сайтка жайгаштырылган күнү: 01.06.2026

            Күмүштак айыл аймагына караштуу Кыргызстан  айылында жайгашкан  “Жаманкулов Сагынбек” атындагы жабык спорт комплексин    жана 1-Май айылында жайгашкан “Темирбек уулу  Суамбек”    атындагы  машыгуу  залын  ижарага алып иштетүүгө  машыктыруучу  алуу үчүн конкурс жарыялайт.                                              

Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер (арыз, өздүгүн тастыктаган документ-паспорт жана тиешелүү документтер диплом, сертификат ж.б.) 2026-жылдын  10- июнуна чейин Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.

Конкурс 2026-жылдын  12-июнуна саат 14:00 до Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өтөт.

Сурап билүү телефондору: 0708 – 726263;  0707-86 86 08

_____________________________________________________________________________________

ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!

Сайтка жайгаштырылган күнү: 20.04.2026

Күмүштак айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө.

________________________________________________________________________________________

Жарыя! Жарыя! Жарыя!

                                                Сайтка жайгаштырылган күнү: 20.04.2026

Күмүштак айыл аймагына караштуу Боо-Терек айылындагы Ж.Осмонов жана Т.Жоробеков атындагы кичи футбол аянтчаларын,   1-Май айылындагы “Темирбаев Бекташ” атындагы кичи футбол аянтчасын жана Жон-Коргон айылынын Бектур көчөсүндө жайгашкан кичи футбол аянтчасын ижарага алып иштетүүгө конкурс жарыялайт.

Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер (арыз, өздүгүн тастыктаган документ-паспорт) 2026-жылдын 29-апрелине чейин Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.

Конкурс 2026-жылдын 30-апрелинде саат 10:00 до Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өтөт.

Сурап билүү телефондору: 0700-576657; 0707-868608

________________________________________________________________________________________

Жарыя! Жарыя! Жарыя!

                                                Сайтка жайгаштырылган күнү: 26.03.2026

Күмүштак айыл аймагына караштуу Боо-Терек айылындагы Ж.Осмонов жана Т.Жоробеков атындагы кичи футбол аянтчаларын,   1-Май айылындагы “Темирбаев Бекташ” атындагы кичи футбол аянтчасын жана Жон-Коргон айылынын Бектур көчөсүндө жайгашкан кичи футбол аянтчасын ижарага алып иштетүүгө конкурс жарыялайт.

Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер (арыз, өздүгүн тастыктаган документ-паспорт) 2026-жылдын 5-апрелине чейин Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.

Конкурс 2026-жылдын 6-апрелинде саат 10:00 до Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өтөт.

Сурап билүү телефондору: 0700-576657; 0708-726263

________________________________________________________________________________________

Жарыя! Жарыя! Жарыя!

                                                Сайтка жайгаштырылган күнү: 13.03.2026

Күмүштак айыл аймагына караштуу Боо-Терек айылындагы Ж.Осмонов жана Т.Жоробеков атындагы кичи футбол аянтчаларын,   1-Май айылындагы “Темирбаев Бекташ” атындагы кичи футбол аянтчасын жана Жон-Коргон айылынын Бектур көчөсүндө жайгашкан кичи футбол аянтчасын ижарага алып иштетүүгө конкурс жарыялайт.

Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер (арыз, өздүгүн тастыктаган документ-паспорт) 2026-жылдын 23-мартына чейин Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.

Конкурс 2026-жылдын 25-мартында саат 10:00 до Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өтөт.

Сурап билүү телефондору: 0700-576657; 0708-726263

________________________________________________________________________________________

ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!

Сайтка жайгаштырылган күнү: 04.03.2026

Урматтуу Күмүштак айыл аймагынын тургундары, Күмүштак айыл өкмөтү Күмүштак айыл аймагындагы Айыл чарба жерлерин жана мамлекеттик фондунун жерлерин, ижарага берүү боюнча (торук) аукцион жарыялайт.

2026-жылдын 4-мартынан 28-мартына чейин, (торукка) аукционго катышуу үчүн төмөндөгү документтер кабыл алынат.

  • Аукционго (торукка) катышууга арыз;
  • Жарандын өздүгүн тастыктоочу докуметтери (көчүрмөсү) же өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу документи;
  • Кепилдик төлөмүн төлөгөндүгү жөнүндөгү квитанциясынын көчүрмөсү;

Аукцион (торук) 2026-жылдын 3-апрелинде айыл өкмөтүнүн имаратында саат 10 00 дө башталат.

Сурап билүү телефондору:  0700-576657

                                                   0708-726263

ЭСКЕРТҮҮ

        Мурун ижарага  алган айыл чарба жерлеринен жана мамлекеттик фонддун жерлеринен ижарага алып ижара төлөмдөрүн төлөбөгөн жарандар аукционго (торукка) катыша албайт

        Күмүштак айыл өкмөтүнүн тоорук өткөрүү боюнча комиссиясы

________________________________________________________________________________________

Жарыя Жарыя Жарыя

                                                Сайтка жайгаштырылган күнү: 23.02.2026

Күмүштак айыл аймагына караштуу Боо-Терек айылындагы Ж.Осмонов жана Т.Жоробеков атындагы кичи футбол аянтчаларын,    1-Май айылындагы “Темирбаев Бекташ” атындагы кичи футбол аянтчасын жана Жон-Коргон айылынын Бектур көчөсүндө жайгашкан кичи футбол аянтчасын ижарага алып иштетүүгө конкурс жарыялайт.

Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер (арыз, өздүгүн тастыктаган документ-паспорт) 2026-жылдын 4-мартына чейин Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.

Конкурс 2026-жылдын 6-мартында саат 10:00 до Күмүштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өтөт.

Сурап билүү телефондору: 0700-576657; 0708-726263

Прокрутить вверх