«Жашыл Мурас»улуттук өнөктүгү айыл аймакта кулачын жайууда.

Күмүштак айыл аймагындагы бардык мекеме уюмдардын айлана тегерегине ийне жалбырактуу көчөттөрдү олтургузуу иш аракеттери башталды. Аталган иш-чарага айыл өкмөтүнүн башчысы жана мекеме уюмдардын кызматкерлери катышышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаев өз сөзүндө «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгү жалпы өлкө боюнча ар бир аймакта өтүп жатканын жана жыл сайын өтүүлүүчү салтка айланаарын баса белгиледи. Ошондой эле бардык жарандарды көчөт олтургузуу менен гана чектелбестен, мындан ары да көзөмөлгө алып, кам көрүүгө чакырды.

Жалпысынан жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатына 48 даана Тянь Шань ель, 18 ак кайың, 82 кара өрүк, 200 теректер тигилди. Мындан тышкары жергиликтүү тургундар тарабынан дагы бир катар көчөттөрдүн түрлөрү олтургузулду.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх