Ички жолдорго кум шагыл төгүү иштери башталды.

        2024-жылдын 1-октябрь күнү Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы ички жолдорго кум шагыл төгүү иштери башталды. Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбаев Замирбек Медербекович Боо-Терек айылындагы ички жолдордун абалы менен жакындан таанышып,  айрымдарынын абалы өтө начар экендигинен кабар алган. Мындан улам, дал ошол ички жолдорго кум шагыл төгүү иштерин тезинен баштоо керектиги боюнча берген тапшырмасынын негизинде минтип, кум шагыл төгүү иштери башталып олтурат.

       Эске сала кетсем, Боо-Терек айылындагы ички жолдордун абалы өтө начар болуп, айрым көчөлөрдө  өзгөчө жаан-чачын учурунда автоунаа менен жүрүүгө мүмкүн болбой келген.  Аталган көйгөйдөн арылуу максатында жергиликтүү бюджеттен  400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп,  тендерге берүү иш аракеттери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында кум шагыл төгүлүп, бүгүнкү күндө иш кызуу  жүрүп жатат.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх