Элет элин кубандырган СПОРТ КОМПЛЕКСИ.

Элет элин кубандырган СПОРТ КОМПЛЕКСИ.

2024-жылдын 13-октябрында Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан айылында жабык спорт комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Аталган салтанаттуу иш-чарага  Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -аким А.Имаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Т.Эдилов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Джумабеков, Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбаев Замирбек Медербекович жана жалпы Күмүштак айыл аймагынын жергиликтүү тургундары катышышты.

Аталган спорт комплексинин курулуш иштери 2019-жылдын май айында башталып, жалпы сметалык наркы 41 миллион 840,0 миң сомду түзгөн. Анын ичинен Талас облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 5 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилсе, калган акча каражаты толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган. Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттен дагы 400 000  миң сом акча каражаты бөлүнүп, спорттук тренажёрлор, ал эми демөөрчүлөрдүн эсебинен 600 000 миң сомго күрөш маттары сатылып алынып,  орнотулуп берилген.

Имаратта спортчунун которунуп кийине турган бөлмөсү, жуунуучу бөлмөсү, машыктыруучунун иш бөлмөсү жана чоң машыгуу залы бар. Аталган спорт комплексине Кыргызстан айылынын тургуну, СССРдин спорт чебери Джаманкулов Сагынбектин ысымы ыйгарылды.

Спорт комплексинин ачылышы менен айыл жаштарына спорт менен машыгууга жана спорттук иш чараларды өткөрүүгө жагымдуу шарттар түзүлдү десек болот.

Иш чаранын соңунда аталган спорт комплексинин курулуш иштерине салымын кошкон, айылдын чыгаан атуулдарына Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, Күмүштак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы, айыл өкмөтүнүн Ардак грамота, Ыраазычылык каттары тапшырылып, Эстрада ырчыларынын ыр бийлери менен коштолду.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх