Бүгүн, 2025-жылдын 14-февралында Бакай-Ата районунда Советтик Армиянын Афганистан мамлекетинен чыгарылган күнүнүн 36 жылдыгына арналган чоң майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Имаров Алгынбай Торалиевич, район аймагындагы айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана Ооган согушунун ардагерлери катышышты. Район аймагындагы Ооган согушунун ардагерлеринин катарында Күмүштак айыл аймагынын 2 ардагери Батырбек Акматов жана Эсенкан Бекешовдор да чакырылып, Ооган согушунда курман болгондор эскерилип, эстеликке гүлчамбар коюлду. Иш-чарада сый тамак уюштурулуп, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан чакан концерт уюштурулуп берилди. Андан тышкары чакырылган ардагерлердин ар бирине жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акчалай сыйлыктар тапшырылып берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар ооган согушунун катышуучуларына «Ардак грамоталар» тапшырылып, алардын катарын Боо-Терек айылынын тургуну Эсенкан Бекешов агабыз да толуктады.








