Элет элин кубандырган ЖАРМАНКЕ!

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан жарманке бул жумада дагы кызуу уланууда.

Бүгүн 2025-жылдын 14-февралында уюштурулган жарманкеге Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек, Кыргызстан, 1-май жана Жон-Коргон айылдарынын айылдык товар өндүрүүчүлөрү жана сатып алуучулары катышышты.

Жарманкенин жүрүшүндө эт, сүт азыктары, картошка, сабиз, пияз, жашылчалар жана тамак аш азыктары сатылды. Базар баасына салыштырмалуу төмөндөтүлгөн баада сатылган азык түлүктөр жергиликтүү элди кубандырбай койгон жок. Мындай жарманке мындан ары жума сайын жума күнү уюштурула турган болду.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх