«Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот»

«Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот» деп бекеринен айтылбаса керек. 2025-жылдын 25-февраль күнү

Жаштарды жана улуу муундарды ынтымакка чакырып, спортко кызыктыруу максатында Талас облусунун Айтматов районунда райондун жетекчиси -акимдин футбол турнири болуп өткөн.

Аталган турнирге Боо-Терек айылынын 35 жаштан жогору болгон футбол боюнча курама командасы барып катышып, кызыктуу оюн көрсөтүштү.

Эске сала кетсем Боо-Терек командасы буга чейин дагы спорттун футбол түрү боюнча болуп өткөн бир катар мелдештерде биринчиликти бербей келишкен.

Бул жолу да адаттагыдай алдынкы орунга ээ болуп, футбол сүйүүчүсү-жеке ишкер тарабынан баш байгеге коюлган АРГЫМАКТЫ илип кетишти. Баракелде, азаматсыздар!

Сыйлыгыбыз кут болсун Боо-Терек эли!

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх