Жергиликтүү тургундардан жеринде кабар алган айыл аймак башчысы.

Бүгүн 2025-жылдын 28-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын “Эл менен жолугушууларды өткөрүп туруу жөнүндөгү” тапшырмасына ылайык, Күмүштак айыл аймагынын башчысы Надырбаев Замирбек Медербекович Күмүштак айыл аймагынын 1-май, Жон-Коргон жана Кыргызстан айылдарында жергиликтүү тургундар менен катардагы жолугушуу жыйынын өткөрдү. Жыйынга айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, Бакай-Ата РИИБнын кызматкерлери жана айыл тургундары катышышты. Аталган жыйында Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаев 2024-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүү багытында аткарылган иштери жана алдыга койгон 2025-жылга карата өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча маалыматын берди. Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан көтөрүлгөн «Күмүштак» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар суроолорго (ички жолдорго кум шагыл төгүү, каналдарга шабаа орнотуу, таштанды чыгаруу, суугат сууга болгон төлөмдөр, түнкү жарыктандыруу орнотуу, электр чубалгыларын жаңыртуу ж.б.) токтолуп, айтылган маселелердин айрымдары чечилгендигин, айрымдарын чечүүнүн үстүндө иштердин жүрүп жаткандыгы тууралуу маалыматын берди. Мындан тышкары РИИБнын кызматкерлери менен биргеликте «Кылмыштуулуктун алдын алуу» «Зордук-зомбулукту болтурбоо», «Жаш өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун көзөмөлгө алуу» ж.б. бир катар маселелерге токтолуп, жергиликтүү тургундарды бейпил, тынч жашоого чакырып өттү.

Жыйын соңунда жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган сын-пикирлердин жана суроо талаптардын негизинде атайын иш чаралар планы иштелип чыгып, аткарууга алынаары жана мындай жыйындар ар бир квартал сайын уюштурулуп тураары жергиликтүү тургундарга түшүндүрүлдү. Жыйын соңунда айыл аксакалдары ак батасын беришип, айыл өкмөтүнүн башчысынын жүргүзүп жаткан иш аракеттери оозго алаарлык жүрүп жаткандыгын баса белгилешип, ишине ийгиликтерди каалашты.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх