Билим уясында ондоп-түзөө иштери башталды.

Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаевдин мерчемделген иш-аракеттеринин алкагында Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы Бейшен Сатыбеков атындагы орто мектебинин имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө баштады.

Долбоор боюнча аталган мектептин чатырын алмаштыруу, жер төлөөсүн оңдоп түзөөдөн өткөрүү менен жаңы спорт зал ачуу, айлана тегерегин курчоо, мектептин кире беришин айнек жана пластик менен тосуу, коридорун жаңыртуу жумуштары каралган.

Долбоордун жалпы наркы 25 000 000 сомду түзүп, республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен каржыланып башталды. Курулуш иштерин «Талас МСПМК» курулуш компаниясы тендерден утушка ээ болуп, оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп жатат.

Мындан тышкары мектептин имаратынын ортосуна окуучулардын тизими (линейка) өтө турган аянтча жасалып, төбөсү чатыр менен жабылат.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх