КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР.

Бүгүн Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек, Кыргызстан, 1-Май жана Жон-Коргон айылдарындагы 250дөн ашуун 70 жаштан ашкан улуу муундун өкүлдөрүнүн башын бириктирип, улгайган адамдардын күнүнө карата чоң майрамдык иш-чара болуп өттү.

Аталган майрамдык иш-чарага Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Э. Качиев, Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З. Надырбаев жана Күмүштак айыл аймагынан чакырылган ардактуу эс алуудагы улуу муундун өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Надырбаев карыларга бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалоо менен бирге «Сиздердин батаңыздар менен жергебиз, айыл аймагыбыз өнүгүп, алдыга жылып, заманыбыздын тынчтыгы сакталып келүүдө. Ар дайым ден соолукта болуңуздар, эч качан оорубаңыздар. Баарыңыздарга бактылуу карылык насип кылсын» — деп кызуу куттуктады.

Иш чаранын жүрүшүндө сый тамак менен кошо айыл аймагындагы аялдар комитети тарабынан ыр ырдап шаңдуу олтурган апаларыбызга кызыктыруучу белектер тапшырылып берилди.

Майрамдык иш – чара маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.

Иш чара соңунда Карылар тарабынан майрамдык салтанатты уюштургандарга чын дилинен ыраазычылыктар айтылып, ак баталар берилди.

Иш чара аяктаган соң, айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Медербекович ден-соолугуна байланыштуу бүгүнкү уюштурулган сый тамакка келбей калган айылдын аксакалдардын үйүнө барып, азык-түлүк түрүндө белектерин тапшырып, жеринен ата, апалардын абалын сурап, майрамдары менен кызуу куттуктап, жагымдуу маанайда пикир алышып кайтты.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх