Күмүштак айыл аймагынын башчысы Надырбаев Замирбек Медербекович Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы УШК №6052 шайлоо участкасына барып, саат 8:00до шайлоого старт берип, ачылышына катышты.
Шайлоонун ачылышына катышкан айыл аймагынын башчысы Замирбек Медербекович шайлоо комиссиясынын төрагасына жана анын мүчөлөрүнө, талапкерлерге ийгиликтерди каалоо менен бирге жергиликтүү шайлоочуларды шайлоого активдүү катышууга чакырды. Өз сөзүндө өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп жаткан шаардык жана айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнүн мурунку шайлоолорго салыштырмалуу учурдагы шайлоо компаниясынын өзгөчөлүктөрү менен артыкчылыктарын баса белгилеп, коомдук коопсуздуктун алдын алып, техникалык мүчүлүштүктөрдү болтурбоого чакырды.
Ушундай эле иш-чаралар айыл аймагынын башка айылдарындагы бардык шайлоо участкаларында айыл өкмөтүнүн башчысынын атайын буйругу менен бөлүнгөн кызматкерлердин катышуусунда өткөрүлдү.
Белгилей кете турган болсок, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” №256 Жарлыгына ылайык Бакай-Ата районунун 4 айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү өткөрүлүүдө.
Жалпысынан Күмүштак айыл аймагы боюнча 4 шайлоо участкасы бар.






