Сонун жаңылык! Күмүштак айыл аймагына жаңы мектеп автобусу алынып келди!

Окуучулардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн айыл аймагыбызга жаңы автобус алынып келинди. Ал жакында иштеп баштайт жана мектеп окуучуларын ташып, жолдогу коопсуздукту камсыздайт.

Эске сала кетсем, буга чейин Күмүштак айыл аймагындагы Кыргызстан айылында жайгашкан алыскы Ак-Тайлак жаңы конушунан мектеп окуучулары ата-энелеринин кезек менен ташуусу аркылуу, айрым учурларда жөө барып келүү аркылуу мектепке барып билим алып келишкен. Аталган маселени айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Надырбаев өз көзөмөлүнө алып, район жетекчисине кайрылуу катын жолдогон. Жыйынтыгында минтип, айыл элин кубандырып, жаңы автобус берилип олтурат.

Эми кичинекей мектеп окуучулары мектепке коопсуз жол аркылуу барып, билим алышат. Мындай мүмкүнчүлүктү Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич түзүп берди.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх