Күмүштак айыл аймагында кезектеги ишембилик.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305 сандуу Жарлыгын жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Алынбай Имаровдун атайын тапшырмасынын негизинде Күмүштак айыл аймагында ири масштабда ишембилик болуп өттү. Аталган ишембиликке айыл аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан, бардык мекеме-уюмдардын жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери катышышты. Ишембиликтин жүрүшүндө өздөрүнө тиешелүү болгон административдик имараттардын тегерегин тазалоо менен бирге Боо-Терек айылындагы борбордук трасса көчөсү аталган Ч. Сатаев көчөсүнүн жол жээктери турмуш тиричилик таштандыларынан тазаланды.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх