Күмүштак айыл аймагында жаңы шайланган депутаттарга мандат жана төш белгилерин тапшыруу аземи

Бүгүн 2024-жылдын 29-ноябрына Күмүштак айыл аймагында жаңы шайланган депутаттарга мандат жана төш белгилерин тапшыруу аземи белгиленип, ага аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бообек Чукотаев, Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Надырбаев жана жаңы шайланган депутаттар катышышты.

Мандаттарын жана депутаттык төш белгилерине ээ болгон айылдык кеңешинин алгачкы отуруму болуп, отурумда төрага жана анын орун басарын шайлоо маселеси каралды.

Анда, төрагалыкка Бейшебаев Эсенгазы Айнабаевич жана Тойчубекова Зууракан эжекебиздин талапкерлиги сунушталып, бирок жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү добуш ала алышкан жок. Андан соң кайрадан жаңы талапкерлер Акматов Батырбек Сейдалиевич жана Джуманазаров Кубат Назановичтин талапкерликтери сунушталып, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 11 депутаттын колдоосуна ээ болгон Акматов Батырбек Сейдалиевич Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле, төраганын орун басарына Токтогул уулу Илбирс жана Жандаралиев Асан Мырзабековичтин талапкерликтери сунушталып, 16 добуш менен депутаттардын колдоосун алып, Жандаралиев Асан Мырзабекович Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Андан соң алгачкы уюштуруу сессиясынын күн тартибине III Элдик курултай делегаттарын шайлоону уюштурууга жумушчу топтун курамын түзүү маселеси каралып, аталган курам жалпы депутаттардын сунуштарынын негизинде түзүлүп, атайын токтом менен бекитилди.

Эске сала кетсем, 2024-жылдын 20-декабрында Бишкекте өтө турган Элдик курултайга Күмүштак айыл аймагынан 2 делегат шайланат.

Элдик курултай — бул коомдун ой-пикирин чагылдырган маанилүү иш-чара экендигин түшүнүү менен бүгүнкү алгачкы сессия өз ишин жыйынтыктады.

Учурдан пайдаланып, Күмүштак айылдык кеңешинин жалпы депутаттарын алган мандаттары менен чын дилибизден куттуктайбыз!!!

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх