Бүгүн 2024-жылдын 7-декабрь күнү Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы Ч. Сатаев атындагы маданият үйүндө III Элдик Курултайдын жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйыны болуп өттү. Жыйынды Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасы Батырбек Акматов алып барды. Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү коомдоштуктардын жыйналыштарында шайланган 100 делегаттын ичинен 81 делегат жыйынга катышып, 20-декабрда Бишкек шаарында өтө турган III Элдик Курултайга бара турган 2 делегатты шайлоого талапкерлер сунушталды.
Алар:
1. Калматов Кеңешбек Назатаевич
2. Айтпаев Атакозу Жаныбекович
3. Жуманазаров Рахматилде (Дуйшонбай) Кадыркулович
4. Жолдошбаева Алмагүл
5. Сыдыгалиев Сарыгул Самидинович
6. Сулайманов Өмүрзак Бузурманкулович
Жалпысынан 6 талапкер катталып, талапкерлерге ачык добуш берүү иш аракеттери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында атайын түзүлгөн эсептөө комиссиясынын эсептөөсүнүн жыйынтыгы менен
1. Калматов Кеңешбек Назатаевич -50 добуш
2. Жуманазаров Рахматилде (Дуйшонбай) Кадыркулович-19 добуш алуу менен Бишкек шаарында өтүлүүчү Элдик курултайга катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Ал эми Жолдошбаева Алмагүл -3 добуш;
Айтпаев Атакозу Жаныбекович -2 добуш алуу менен резервге киргизилди.
Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасы Батырбек Акматов жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” Конституциялык мыйзамы жана ”Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу комитети жөнүндө” жобосуна ылайык түшүндүрмөлөрдү берип өттү.
Жыйын соңунда Күмүштак айыл аймагынын 3 орчундуу маселеси белгиленип, III Элдик Курултайда көтөрүлө турган болду.











