Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга камкордук көрсөтүлдү.

Бүгүн, 3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата Күмүштак айыл аймагында чоң салтанаттуу иш чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасы Батырбек Акматов, айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Надырбаев, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айыл аймагындагы 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 75 бала, ата-энелери менен катышышты.

3-декабрь — бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү. Мындан улам, Күмүштак айылдык кеңешинин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Надырбаев баш болгон айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери тарабынан Күмүштак айыл аймагындагы 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын ата-энелерине атайын сый тамак уюштурулуп, чакан белектер таркатылып берилди. Аталган иш-чараны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 110 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Мындан тышкары айыл аймагынын тургундары Калматов Кеңешбек, Бейшеналиев Акай, Атиев Султан, Жумакеев Жайлообек жана Мадымаров Жеңишбек агаларыбыз тарабынан аталган майрамдык иш-чараны өткөрүүгө акчалай колдоолор көрсөтүлдү.

Адамга — адам тирек” демекчи, аталган иш-чарада айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Надырбаев куттуктоо айтып, өз сөзүндө ар бирине бекем ден-соолук каалоо менен бирге бүгүнкү күн -эн күчтүү жана жан дүйнөсү таза адамдардын күнү экендигин баса белгилеп, ар дайым жакшылыктардан үмүт үзбөй, узак өмүр, жана бактылуу жашоодо күн кечирип, ойлогон ой-максаттарынын орундалышына тилектештигин билдирди.

Ден соолугунан аксап турса да шаңдуу концерт менен коштолгон иш-чарада мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ырчылар менен чогуу ырдап, бийлеп чер жазышты.

Учурдан пайдаланып демөөрчүлүк көрсөткөн жогоруда аты аталган жарандарыбызга жардам колун сунгандыгы үчүн Күмүштак айылынын тургундарынын атынан терең ЫРААЗЫЧЫЛЫК билдиребиз.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх