Кызыктарга бай «КӨГҮЛТҮР ОТ»

Бүгүн Күмүштак айыл аймагына караштуу Кыргызстан айылындагы маданият үйүндө мекеме уюмдардын, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана айыл аймагындагы жергиликтүү тургундардын катышуусунда Балык жылын жыйынтыктаган, жаңы жылдык «КӨГҮЛТҮР ОТ» майрамдык иш чарасы болуп өттү.

Аталган майрамдык иш-чарага Күмүштак айылдык кеңешинин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Надырбаев катышып, иш-чаранын катышуучуларын кирип келе жаткан Жаңы жыл менен кызуу куттуктап, ачык асман, бактылуу жашоо жана мээримге толгон жылуу маанай каалады.

Андан соң, жергиликтүү тургундардан куралган 6 команда түзүлүп, майрамдын шаңына шаң кошуу максатында саламдашуу, ыр-бий, интермедия аткарышып, көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты. Таймаш жогорку деңгээлге чейин жетип, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Соңунда жергиликтүү тургундар тарабынан шайланган калыстар тарабынан жыйынтык чыгарылып, 1- орунга «Өмүрзак ата» жамааты жана Тойчубек у Жанадил атындагы орто мектебинин эмгек жамааты ээ болсо, 2-орунга Күмүштак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана Токтогул Чолушев атындагы орто мектебинин эмгек жамааты, ал эми 3-орунга Аскарбек Сапаралиев балдар бакчасынын эмгек жамааты жана «Чоттубай» жамааты ээ болушуп, бардык командаларга жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынан акчалай байгелер таркатылып берилди.

«Эл ичи -өнөр кенчи»- деген макал бекеринен айтылбаса керек. Жергиликтүү тургундардан куралган жогоруда аталган командалардын аткарган ар бир чыгармасы көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөдү.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх