«КӨГҮЛТҮР ОТ» жаңы жылдык майрамдык иш чарасында «Жыл мыктылары» сыйланды

2024-жылдын 29-декабрь күнү Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жайгашкан Ак-Кеме ресторанында Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин «КӨГҮЛТҮР ОТ» жаңы жылдык майрамдык иш чарасы болуп өттү. Аталган майрамдык иш-чарага район аймагындагы бардык мекеме уюмдардын жетекчилери, айылдык кеңештин төрагалары, айыл өкмөтүнүн башчылары, райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, анан дагы 2024-жылдын «Жыл мыктылары» сыйлык ээлери катышышты.

Аталган «Жыл мыктыларынын» арасында райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптан салым кошкондугу үчүн Күмүштак айылдык кеңешинин депутаты Тойчубекова Зууракан Акыновна райондун «Ардактуу атуулу» наамы, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — жооптуу катчы Качыбекова Жанара «Жылдын мыкты муниципалдык кызматкери» ал эми Боо-Терек айылынын тургуну- Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Байтиков Мирбек «Милициянын мыкты кызматкери» сыйлыктары менен сыйланышты.

КУТТУКТАЙБЫЗ !!! (Зууракан эже ардактуу наам кут болсун! Мирбек мырза сыйлык кут болсун! Жанара сыйлык кут болсун!

Иш-чара негизинен өтө жогорку деңгээлде уюштурулуп, келген коноктордун купулуна толду. Жалпы уюштуруу тобуна — Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алгынбай Торалиевичке жана жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Иш-чараны өтө жогорку деңгээлде өткөрүү ар кимдин колунан келе бербейт. Азаматсыздар! Бар болунуздар!

🌲🌲🌲ЖАНЫ ЖЫЛЫНЫЗДАР МЕНЕН!!! ЖАНЫ ЖЫЛ ЖАКШЫЛЫКТЫН, ТОКЧУЛУКТУН, ЫНТЫМАКТЫН, БЕРЕКЕНИН , ДЕН СООЛУКТУН, ӨНҮГҮҮНҮН ЖЫЛЫ БОЛСУН!!!

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх