Урматтуу Күмүштак айыл аймагынын тургундары!
Кадырлуу меймандар!
Сиздерди саналуу сааттардан соң кирип келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Узап бараткан жылда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп, анын алкагында Күмүштак айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана экономикасын өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер аткарылды. Күмүштак айыл аймагында аткарылган иштердин орчундууларына, б.а. тартылган инвестициялык долбоорлорго токтоло кетсем, алар:
1-май айылында жайгашкан машыгуу залынын курулушу 2022-жылы башталган. Учурда курулуш иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Аталган долбоордун жалпы наркы 7408610 сомду түзөт. Сыйымдуулугу 120 орунга ылайыкташкан. Азыркы убакта машыгуу залынын ички тышкы шыбактары шыбалып, ички жасалгалары жасалууда.
1-май айылында жайгашкан Т. Чолушев орто мектебиндеги Ассейин Торогельдиев атындагы спорт залын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү максатында жергиликтүү бюджеттен 548398 сом акча каражаты бөлүнүп, оңдоо иштери толугу менен аяктап, ноябрь айында колдонууга берилди.
1-май айылында ФАПтын имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү максатында АРИС агенттигинен 864431 сом, ал эми өздүк салымга жергиликтүү бюджеттен 159 000 сом акча каражаты бөлүнүп, толугу менен оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, июнь айында колдонууга берилди. Жалпы наркы 1 023 431 сомду түздү.
-1-май айылындагы Т.Чолушев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери 2020-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоору “Адис Алай” ЖЧКсы тарабынан жасалып, сметалык наркы 101521,845 миң сом, (127284,847 миң сом материалдардын наркынын жогорулаган баасы менен) тендердик баасы жалпы чыгымдары менен 74665,872 миң сомду (100428,874 миң сом материалдарынын наркынын жогорулаган баасы) менен түзөт. Курулуш иштери “Элдияр Строй” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө, даярдыгы 32% га бүттү. Бүгүнкү күндө 2-кабатынын дубалы тургузулуп бүтүп, чатырын жабуу алдында турат
-1-Май айылы менен Кыргызстан айылын байланыштырган жолдун 4 км аралыгына (Республикалык бюджеттен каржыланды) асфальт төшөлүп, колдонууга берилди. Андан тышкары борбордук көчө аталган Ражап көчөсүнүн 2 км аралыгына асфальт басуу максатында алдын ала даярдоо иш аракеттери жүргүзүлдү. Учурда асфальт төшөөгө даяр турат.
Кыргызстан айылында жабык спорт залынын курулуш иштерине 2024-жылга чейин жергиликтүү бюджеттен 35 675 006 сом акча каражаты сарпталып келсе, 2024-жылдын бюджетинин эсебинен 5165,0 м.с. бөлүнгөн каражат менен курулуш иштери толук бүткөрүлүп, 2024-жылдын 13-октябрь күнү колдонууга берилди. Жалпы наркы 40 840 006 сомду түздү.
Кыргызстан айылына Бакай-Ата өнүктүрүү фондусунан 1 875 505 сомго мөмөдөн шире чыгаруучу кичи цех курулуп, бүтүп, колдонууга берүү алдында турат.
Кыргызстан айылындагы Тойчубек у Жанадил атындагы орто мектебинин эски имаратынын багыты өзгөртүлүп, бала бакча ачууга уруксат берилген. Жергиликтүү бюджеттен 3 506 904 сом акча каражаты бөлүнүп, “Ихлас” курулуш компаниясы утушка ээ болуп, учурда оңдоп түзөө иштери кызуу жүрүп жатат.
Кыргызстан айылындагы Ак-Тайлак жаңы конушунун тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында Бакай-Ата өнүктүрүү фондуна долбоор даярдалып, өткөрүлдү. Долбоордун жалпы наркы 1 680 500 сомду түзөт.
Кыргызстан айылында жайгашкан алыскы Ак-Тайлак жаңы конушунан мектеп окуучуларын Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебине алып барып, алып келүүсүн уюштуруу максатында Кыргыз мамлекети тарабынан жаңы автобус алынып берилди.
Боо-Терек айылындагы Д. Дуйшобаев атындагы орто мектебинин эски имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү максатында АРИС агенттигине атайын долбоор даярдалып, аталган долбоор АРИС агенттиги тарабынан колдоо тапкан. Жыйынтыгында АРИС агенттиги тарабынан 4 600 000 (төрт миллион алты жүз миң) сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 1 763 491 сом акча каражаты бөлүнүп, оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, 2024-жылдын сентябрь айында колдонууга берилди.
Боо-Терек айылындагы муниципалдык менчик жерге айыл тургундарынын саламаттыгы үчүн жалпы наркы 55 000 000 сомду түзгөн ден-соолукту чыңдоочу жай — жабык спорт комплексин куруу максатында атайын жер тилкеси бөлүнүп берилди. Учурда келишимдерге кол коюу иш аракеттери жүрүүдө.
Боо-Терек айылынын Ак-Жер жаңы конушундагы муниципалдык жерге 140 орундуу балдар бакчасынын имаратын куруу долбоору 2025-жылдын капиталдык салымдар беренесине киргизилди.
Боо-Терек айылындагы Б. Сатыбеков атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү максатында Республикалык бюджеттен 25 000 000 сом акча каражаты бөлүндү. 2025-жылы оңдоп түзөө иштери башталат.
Күмүштак айыл аймагына караштуу Боо-Терек, Кыргызстан, Жон-Коргон айылдарындагы ичүүчү Таза суу башкы курулмаларын капиталдык оңдоп түзөө максатында Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүлдү. Долбоордун жалпы наркы 2 500 447 сомду түзөт.
Боо-Терек айылында жайгашкан К. Осмонбеков атындагы № 41 Кесиптик лицейинин имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү максатында Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүлдү. Долбоордун жалпы наркы 3 872 691 сомду түзөт. (Бул аткарылган иштердин орчундуулары гана)
Жаңырган жылда Күмүштак айыл аймагынын калкынын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн курулуш тармагы, чарба жаатында жана социалдык тармактарда жүргүзүлүп жаткан максаттуу иштер улантыла бермекчи.
2025-жыл айыл аймагыбыз үчүн чечкиндүү чечимдерди ишке ашыруунун жана жаңы бийиктиктерге жетүүнүн жылы болсун!
Жаңы жыл баарыбызды жаркын үмүттөр жана келечекке умтулуулар менен бириктирип келет. Андыктан жаңырган жылда баарыңыздардын ойлогон ой-максат, аруу тилектериңиздер орундалсын. Ар бир үй-бүлө бакубатчылыкта жана жетишкендикте жашасын.
Сиздерге бекем ден соолук, ооматтуу өмүр жана берекелүү жашоо каалайм.
Жаңы жылыбыз элибизге берекени, ырыскыны мол алып келсин! Өлкөбүз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп-өнүгө берсин!
ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!!!
