2025-жылдын 22-январында болжол менен саат 5:00 чамасында Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы № 9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты жана аталган имараттын жарымында жайгашкан “Сүйүн апа” балдар бакчасынын имаратында өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен аталган имараттын чатыры жараксыз абалга келген. Баарыңыздарга белгилүү болгондой өрт катталган убакыттан тартып эле (05:30дан тартып) айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбаев Замирбек Медербекович аталган жерге келип, өрт боюнча маалыматты райондук, облустук тиешелүү мекемелерге жеткирген. Анын ичинде камсыздандыруу уюму дагы бар. Себеби №9 УДТнын жана «Сүйүн апа» балдар бакчасынын имараттары толугу менен жыл сайын камсыздандыруудан өтүп турган. Маалымат жеткенден кийин Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Мамбетов Сейдимар Таалайбекович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Эдилов Талантбек Расабекович, облустук камсыздандыруу мекемесинен адистер келишип, тиешелүү актыларын түзүп кетишкен. Мындан тышкары айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине ТРЕВОГА (айгай) белгиси берилип, айыл өкмөтүнүн эркек мырзалары жеринде барып, жергиликтүү тургундардын оору тарыхы жазылган (история болезни) карточкаларын сыртка ташып чыгууга үлгүрүшкөн. Мындан тышкары альтернативдүү кызматтагы 48 саатка тартылган балдар жана №9 ҮДТнын кызматкерлери менен имараттын ичинде тазалоо иштери жүргүзүлгөн.
Өрт кырсыгы катталган күндүн эртеси айыл өкмөтүнүн башчысынын атайын тапшырмасы менен айыл өкмөтүнүн электр тармагын тейлеген кызматкери Сереков Айдос аталган имаратка барып, жеринде электр зымдарын жаңыртып, оңдоп түзөөгө алды. Бүгүнкү күндө абал туруктуу жана өрт кырсыгы катталган имараттын ичин тазалап, кайрылган жарандарды кабыл алуу иш-аракеттерин жүргүзүп жатышат. Жакынкы арада жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, аталган имарат толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөрүлөт.
Учурда райондук жана облустук жетекчилер да соттук иштерди бүткөрүү боюнча өздөрүнүн тиешелүү иш-аракеттерин жасап жатышат.
Эске сала кетсем, №9 ҮДТнын жаңы имаратынын курулушу 2020-жылы башталып, бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет. Учурда Айтматов райондук сотунда соттук териштирүү иштери жүрүп жатат.





