Жергиликтүү тургундардан жеринде кабар алуу уланууда.

Бүгүн 2025-жылдын 3-март күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын “Эл менен жолугушууларды өткөрүп туруу жөнүндөгү” тапшырмасына ылайык, Күмүштак айыл аймагынын башчысы Надырбаев Замирбек Медербекович Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу жыйынын өткөрдү. Жыйынга айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, Бакай-Ата РИИБнын кызматкерлери жана айыл тургундары катышышты. Аталган жыйында Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаев адаттагыдай эле 2024-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүү багытында аткарылган иштери жана алдыга койгон 2025-жылга карата өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча маалыматын берди. Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан көтөрүлгөн бир катар суроолорго токтолуп, айтылган маселелердин айрымдары чечилгендигин, айрымдарын чечүүнүн үстүндө иштердин жүрүп жаткандыгы тууралуу маалыматын берди. Мындан тышкары жыйынга келген жергиликтүү тургундарга жаңыдан дайындалган РИИБнын аймактык тескөөчүсүн тааныштырып, аны менен катар «Кылмыштуулуктун алдын алуу» «Зордук-зомбулукту болтурбоо», «Жаш өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун көзөмөлгө алуу» ж.б. бир катар маселелерге токтолуп, жергиликтүү тургундарды бейпил жашоого чакырып өттү.

Жыйын соңунда жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган сын-пикирлердин жана суроо талаптардын негизинде атайын иш чаралар планы иштелип чыгып, аткарууга алынаары жана мындай жыйындар ар бир квартал сайын уюштурулуп тураары жергиликтүү тургундарга түшүндүрүлдү.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх