«УҢГУ ЖОЛ» өнүгүүгө дем берет.

2025-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндөгү 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгын ишке ашыруу, жайылтуу максатында Күмүштак айыл аймагында айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаевдин катышуусунда атайын жыйын болуп өттү.

Аталган жыйынга айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айыл аймагындагы мекеме уюмдардын жетекчилери, маданият кызматкерлери, китепканачылар катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө Замир Надырбаев жыйындын катышуучуларын аталган Жарлык менен тааныштырып, айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан иш-чаралар планын таркатып берип, иш чаралар планынын аткарылышын өз көзөмөлүнө алаарын баса белгилеп өттү. Аны менен катар мекеме-уюмдардын жетекчилерине өздөрү жетектеген мекеме арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 сандуу “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, жайылтуу максатында жыйындарды уюштуруу тапшырмасын берди.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх