Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбаев Замирбек Медербековичтин 8-март майрамына арналган куттуктоосу!

Урматтуу Күмүштак айыл аймагындагы ак элечек апалар, эже-карындаштар!

Сиздерди 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын! 🌹🌹🌹

Аялзаты – үй-бүлөнүн куту, түндүктүн түркүгү экени талашсыз. Сиздердин үй-бүлөнү чыңдоого, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого кошкон салымыңыздар чексиз. Аялзатынын жүрөгүнөн чыккан жылуулугу жана камкордугу турмуштун татаал жолунда дем берип, күчүңө күч кошуп, үмүттүн шооласын өчүрбөй, келечекке ишенимди арттырат. Кыргыз элинде эне жөнүндө мааниси өтө терен жакшы сөздөр көп экенин баарыбыз билебиз, ошонун бири «Бейиш эненин таманында» дегени бекеринен айтылган эмес деп эсептейм. Себеби Сиздер ар бир үйдүн түтүнүн булатып, балдарга, коомго тарбия, ошол эле мезгилде мамлекеттин өсүп өнүгүүсү үчүн да салым кошуп келесиздер.

Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр жана түбөлүк бактылуулук каалайбыз! Ар дайым жаркырап, маңдайыбызда бар болуңуздар! Жүзүңүздөрдөн бакыттын нуру төгүлүп, куттуу үйдүн коломтосунун очогун өчүрбөй, улутубуздун уугун улап, узак өмүр сүрүңүздөр. 🤲🤲

Улуу Рамазан айы менен кош келген майрамда айтылган дубалар, кармаган орозоңуздарды Аллахым өзү кабыл кылсын!!! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

Сиздерди терең урматтоо менен З.Надырбаев.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх