Бүгүн 2025-жылдын 13-мартында Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылынын Ч. Сатаев атындагы маданият үйүндө Элдик жыйын болуп өттү.
Аталган элдик жыйынга Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Э.Качиев, райондук, айылдык мекеме-уюмдардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Элдик жыйында Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевдин 2024-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү багытында аткарылган иштери жана 2025-жылга бекитилген иш пландары боюнча отчеттук маалыматы берилди.
Жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн бир катар көйгөйлөр талкууга алынып, айтылган сын-пикирлер протоколго түшүрүлүп, аткарууга алынаары эскертилди.
Жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаевдин жүргүзүп жаткан иш-аракеттери мактоого алынып, 2024-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету канааттандыраарлык деп бааланды. Жыйын соңунда Күмүштак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн бир катар айыл тургундарына сыйлыктар тапшырылды. Алардын катарында ирригация тармагын жакшыртуудагы үзүрлүү эмгеги үчүн Боо-Терек айылынын тургуну Молдалиев Нарбек Наматбековичке жана Боо-Терек айылынын имамы Джумакеев Жайлообек Чаткалбековичке Күмүштак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылса, айылдын бир катар тургундарына айыл өкмөтүнүн «Ардак Грамоталары» тапшырылды.
Сыйлык ээлери, сыйлыгыңыздар кут болсун!





















