ТАЗАЛЫКТЫ ӨЗҮБҮЗДӨН БАШТАЙЛЫ!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгын жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын атайын буйругун аткаруу максатында Күмүштак айыл аймагында массалык түрдө ишембилик болуп өттү. Аталган ишембиликке айыл аймагындагы бардык мекеме-уюмдардын, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Ишембиликтин жүрүшүндө административдик имараттардын айлана тегереги, Боо-Терек айылындагы борбордук көчө аталган Ч. Сатаев көчөсүнүн жана Кыргызстан айылына кеткен трассанын жээктери турмуш тиричилик таштандыларынан тазаланды.

Өткөрүлгөн ишембиликке жалпы 200 жаран катышты.

Учурдан пайдаланып, Күмүштак айыл аймагынын бардык тургундарын массалык түрдө башталган ишембиликтин 3 айлыгына активдүү катышып берүүгө чакырабыз!

Сен таза болсоң, мен таза болсом — коом таза болот!

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх