Калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө

2025-жылдын 22-январь күнү Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жана аталган мекеменин бир капталында жайгашкан «Сүйүн апа» балдар бакчасынын чатырында өрт кырсыгы катталган. Аталган өрт кырсыгынан жогорудагы мекемелердин чатырлары жабыркап, жараксыз абалга келген. Жогоруда аталган 2 мекеме мамлекеттик камсыздандыруудан өткөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик камсыздандыруу мекемеси тарабынан кенемте акча каражаты төлөнүп берилмекчи. Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттен да кошумча акча каражаты бөлүнүп, учурда өрт кырсыгынан жабыркаган аймакта калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп, соңуна чыгууда.

Калыбына келтирүү ишин «Бейбарс» курулуш компаниясы жүргүзүүдө.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх