«Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу Күмүштак айыл аймагында.

Бүгүн Күмүштак айыл аймагындагы «Наматбек Молдалиев» атындагы балдар бакчасында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндөгү 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгын ишке ашыруу, жайылтуу максатында жана Улуу Нооруз майрамына карата чоң салтанаттуу иш чара болуп өттү. Аталган иш-чарага балдар бакчасынын тарбиялануучулары жана эмгек жамаатынан тышкары Күмүштак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери да катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жогоруда аталган Жарлыктын алкагында айыл өкмөтү тарабынан атайын иштелип чыккан иш-чаралар планынын негизинде өткөрүлүп жаткан алгачкы иш чара ийгиликтүү өтүп жаткандыгы баса белгиленди.

«Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу Жарлыгын жергиликтүү тургундарга жайылтуу максатында өткөрүлүп жаткан иш-чарада балдар бакчасынын тарбиялануучулары жана тарбиячылары тарабынан кароо сынак уюштурулуп, ар кандай улуттук оюн зооктор ойнотулду.

Өсүп келе жаткан жаш муундарга кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин сактоого, өнүктүрүүгө, рухий дөөлөттөрдү даңазалоого багыт берип, жол көрсөткөн бүгүнкү иш-чара өз ишин ийгиликтүү аяктады.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх