Урматтуу мекендештер, урматтуу Күмүштак айыл аймагынын тургундары жана коноктору!
Акылман ата-бабаларыбыздын улуу салтын улантып, муундан муунга мурастап келе жаткан, жаңылануунун башаты болгон Нооруз майрамыбыз куттуу болсун!
Нооруз майрамын утурлай Ала-Тообуз көрккө бөлөнүп, элибиздин маанайы көтөрүлүп, аруу тилек, ак максаттар айтылып, жаратылыш менен бирге жан дүйнөбүздө да жаңылануу салтанаты башталат. Анткени, бул учурда табият жанданып, жер уйкусунан ойгонот, дарактар бүчүр байлап, көктөм чыгат. Томуктай сөзгө тоодой маани батырган акылман ата-бабаларыбыз “өлбөгөн жанга жаз келет” деген бир ооз сөзү менен жаздын канчалык касиеттүү мезгил экенин таамай айтып койгон.
Анткени алар 21-мартта күн менен түн теңелип, жыл тогошконун баамдап, Жараткандан бата тилеп, бири-бирине майрамдык маанай тартуулашкан.
Улуу Рамазан айында айтылган ар бир инсандын ак тилеги ишке ашсын. Ушул ыйык айда үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин.
Эгемен өлкөбүздүн желеги бийик желбиреп, асманыбыз ар дайым ачык болсун. Элибизден ынтымак, жергебизден береке кетпесин!
Сиздерди терен урматтоо менен Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбаев Замир Медербекович жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери.

