2025-жылдын 25-март күнү Күмүштак айыл аймагына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Руслан Жакышев иш сапары менен келди. Иш сапарынын алкагында ал Күмүштак айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугуп, өзүнүн келген иш сапарынын максаты менен тааныштырды. Мындан тышкары ал Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбаев Замирбек Медербековичтин Кыргыз Республикасынын социалдык — экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор саламын баса белгилеп, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ардак Грамотасын» тапшырып, ишине мындан дагы жогорку ийгиликтерди каалап, кызуу куттуктады. Андан соң, Күмүштак айыл аймагындагы айрым мекеме уюмдарды жеринде кыдырып, көйгөйлүү маселелери менен таанышып чыкты. Мындан сырткары айыл аймагындагы дыйкандардын жазга болгон даярдыктарынан кабар алып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен аларды чечүү жолдорун талкуулашты.
Талкуунун жүрүшүндө суугат сууга болгон баанын кескин жогорулашы жана башка айыл-чарба багытындагы негизги маселелерди кызуу талкуулап, андан соң жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган көчмө жыйын Боо-Терек айылындагы Талас дарыясындагы көйгөй жараткан көпүрөдөн улантылды.
Иш сапарынын соңунда Эл өкүлү жогоруда аталган көчмө жыйындын отурумунун негизинде келип чыккан көйгөлөрдү чечүүгө жакындан көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.
Эмне демекчибиз, Эл өкүлүнүн ишине ийгиликтерди каалап, айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп кетмекчибиз.
















