Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын III (облустук) баскычы Күмүштак айыл аймагы үчүн жемиштүү жыйынтыкталды. Алсак, Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы Дооронбек Дуйшебаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Маратова Махабат жана 9-классынын окуучусу Таалайбекова Аймээрим 1- орунду камсыз кылышса, ал эми Кыргызстан айылындагы Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Күчманова Ырыс Туратбековна 2-орунду багындырып, Республикалык баскычта өтүлүүчү олимпиадага жолдомо алышты.
Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаев жогоруда аты аталган окуучуларды жетишкен ийгиликтери менен кызуу куттуктап, окуучуларга жана Олимпиадага даярдаган мугалимдери Субаналиева Элиза Алмасбековна, Атаканова Анипа Кенешбековна жана Жуманалиева Дамира Кенешбековнага терең ыраазычылыгын билдирип, мындан ары дагы чоң-чоң ийгиликтерди жаратып, билим берүү тармагына салымдарын кошо берүүсүн суранып, ар бирине акчалай сыйлыктарын жана айыл өкмөтүнүн «Ардак грамота», «Ыраазычылык катын» тапшырып, мектеп окуучуларынын бул жетишкендигин айыл аймагыбыздын жетишкендиги деп баса белгиледи.















