КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ЖОЛ ЖЭЭКТЕРИН ИРЭЭТКЕ КЕЛТИРҮҮ АРАКЕТИ ЖҮРҮҮДӨ.

КР Президентинин № 56 Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерди) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө Жарлыгына ылайык, Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы Тараз -Талас-Суусамыр автоунаа жолунда тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлдү. Алсак, Боо-Терек айылынын борбордук көчөсү аталган Чубак Сатаев көчөсүндөгү […]

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ЖОЛ ЖЭЭКТЕРИН ИРЭЭТКЕ КЕЛТИРҮҮ АРАКЕТИ ЖҮРҮҮДӨ. Читать далее »

Район жетекчиси жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Район жетекчиси жергиликтүү тургундар менен жолукту. Бүгүн 2025-жылдын 5-июнь күнү Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жаңыдан дайындалган башчысы-аким Б.Ашимов Күмүштак айыл аймагынын тургундары менен көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана чечүү жолдорун талкулоо максатында жергиликтүү турнундар менен жолугуп, жыйын өткөрдү. Аталган жыйынга райондук мекеме-уюмдардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Анда жергиликтүү тургундар тарабынан айыл аймагынын

Район жетекчиси жергиликтүү тургундар менен жолукту. Читать далее »

Энелер күнү белгиленди.

Бүгүн Күмүштак айыл аймагында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара шаң менен белгиленди. Аталган иш-чарага Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаев, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана айыл аймагындагы 70 жаштан ашкан 180 эне катышты. Иш-чараны айылдык кеңештин төрагасы Батырбек Акматов жана айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаев куттуктоо сөзү менен ачып, айыл

Энелер күнү белгиленди. Читать далее »

Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!

Бүгүн Күмүштак айыл аймагында Улуу Жеништин 80 жылдыгына арналган чоң майрамдык иш-чара уюштурулуп, майрамдык жөө жүрүш менен коштолду. Аталган иш-чарага Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Э. Качиев, райондук аскер комиссары Т. Чынасылов, Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З. Надырбаев, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жубайлары, Б. Сатыбеков

Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт! Читать далее »

КАНАЛДАРДЫ ТАЗАЛОО ИШТЕРИ КЫЗУУ УЛАНУУДА.

Бүгүнкү күндө Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл аймагында жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү, суугат сууну үзгүлтүксүз жеткирүү жана сууну жоготууну азайтуу максатында чарбалык каналдарда тазалоо иштери кызуу уланууда. Буга далил, бугунку кундогу Боо-Терек айылынын Кош-Арык массивиндеги Жики жана Кулубай каналдарында тазалоо иштеринин жүрүп жаткандыгы. Атап кетсем, Жики жана Кулубай каналдарындагы тазалоо иштерине жергиликтуу бюджеттен 641 000

КАНАЛДАРДЫ ТАЗАЛОО ИШТЕРИ КЫЗУУ УЛАНУУДА. Читать далее »

«Жашыл Мурас»улуттук өнөктүгү айыл аймакта кулачын жайууда.

Күмүштак айыл аймагындагы бардык мекеме уюмдардын айлана тегерегине ийне жалбырактуу көчөттөрдү олтургузуу иш аракеттери башталды. Аталган иш-чарага айыл өкмөтүнүн башчысы жана мекеме уюмдардын кызматкерлери катышышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаев өз сөзүндө «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгү жалпы өлкө боюнча ар бир аймакта өтүп жатканын жана жыл сайын өтүүлүүчү салтка айланаарын баса белгиледи. Ошондой эле бардык

«Жашыл Мурас»улуттук өнөктүгү айыл аймакта кулачын жайууда. Читать далее »

Билим уясында ондоп-түзөө иштери башталды.

Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаевдин мерчемделген иш-аракеттеринин алкагында Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы Бейшен Сатыбеков атындагы орто мектебинин имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө баштады. Долбоор боюнча аталган мектептин чатырын алмаштыруу, жер төлөөсүн оңдоп түзөөдөн өткөрүү менен жаңы спорт зал ачуу, айлана тегерегин курчоо, мектептин кире беришин айнек жана пластик менен тосуу, коридорун жаңыртуу жумуштары каралган. Долбоордун

Билим уясында ондоп-түзөө иштери башталды. Читать далее »

Күмүштак айыл аймагындагы билим жаңылыктары…

Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын III (облустук) баскычы Күмүштак айыл аймагы үчүн жемиштүү жыйынтыкталды. Алсак, Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы Дооронбек Дуйшебаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Маратова Махабат жана 9-классынын окуучусу Таалайбекова Аймээрим 1- орунду камсыз кылышса, ал эми Кыргызстан айылындагы Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Күчманова Ырыс Туратбековна 2-орунду багындырып, Республикалык

Күмүштак айыл аймагындагы билим жаңылыктары… Читать далее »

Элет элинен кабар алган Эл өкүлү.

2025-жылдын 25-март күнү Күмүштак айыл аймагына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Руслан Жакышев иш сапары менен келди. Иш сапарынын алкагында ал Күмүштак айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугуп, өзүнүн келген иш сапарынын максаты менен тааныштырды. Мындан тышкары ал Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбаев Замирбек Медербековичтин Кыргыз Республикасынын социалдык — экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор саламын баса белгилеп,

Элет элинен кабар алган Эл өкүлү. Читать далее »

Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн куттуктоо сөзү!

Урматтуу мекендештер, урматтуу Күмүштак айыл аймагынын тургундары жана коноктору! Акылман ата-бабаларыбыздын улуу салтын улантып, муундан муунга мурастап келе жаткан, жаңылануунун башаты болгон Нооруз майрамыбыз куттуу болсун! Нооруз майрамын утурлай Ала-Тообуз көрккө бөлөнүп, элибиздин маанайы көтөрүлүп, аруу тилек, ак максаттар айтылып, жаратылыш менен бирге жан дүйнөбүздө да жаңылануу салтанаты башталат. Анткени, бул учурда табият жанданып, жер

Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн куттуктоо сөзү! Читать далее »

Прокрутить вверх