Июль 2025

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ЭЛДИК ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ.

Бүгүн 2025-жылдын 13-мартында Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылынын Ч. Сатаев атындагы маданият үйүндө Элдик жыйын болуп өттү. Аталган элдик жыйынга Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Э.Качиев, райондук, айылдык мекеме-уюмдардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Элдик жыйында Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевдин 2024-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү багытында аткарылган иштери жана 2025-жылга […]

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ЭЛДИК ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ. Читать далее »

Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбаев Замирбек Медербековичтин 8-март майрамына арналган куттуктоосу!

Урматтуу Күмүштак айыл аймагындагы ак элечек апалар, эже-карындаштар! Сиздерди 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Аялзаты – үй-бүлөнүн куту, түндүктүн түркүгү экени талашсыз. Сиздердин үй-бүлөнү чыңдоого, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого кошкон салымыңыздар чексиз. Аялзатынын жүрөгүнөн чыккан жылуулугу жана камкордугу турмуштун татаал жолунда дем берип, күчүңө күч кошуп, үмүттүн шооласын өчүрбөй,

Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбаев Замирбек Медербековичтин 8-март майрамына арналган куттуктоосу! Читать далее »

«УҢГУ ЖОЛ» өнүгүүгө дем берет.

2025-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндөгү 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгын ишке ашыруу, жайылтуу максатында Күмүштак айыл аймагында айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Надырбаевдин катышуусунда атайын жыйын болуп өттү. Аталган жыйынга айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айыл аймагындагы мекеме уюмдардын жетекчилери, маданият кызматкерлери, китепканачылар катышышты. Жыйындын жүрүшүндө Замир Надырбаев жыйындын катышуучуларын аталган Жарлык

«УҢГУ ЖОЛ» өнүгүүгө дем берет. Читать далее »

Жергиликтүү тургундардан жеринде кабар алуу уланууда.

Бүгүн 2025-жылдын 3-март күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын “Эл менен жолугушууларды өткөрүп туруу жөнүндөгү” тапшырмасына ылайык, Күмүштак айыл аймагынын башчысы Надырбаев Замирбек Медербекович Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу жыйынын өткөрдү. Жыйынга айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, Бакай-Ата РИИБнын кызматкерлери жана айыл тургундары катышышты. Аталган жыйында Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы

Жергиликтүү тургундардан жеринде кабар алуу уланууда. Читать далее »

Жергиликтүү тургундардан жеринде кабар алган айыл аймак башчысы.

Бүгүн 2025-жылдын 28-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын “Эл менен жолугушууларды өткөрүп туруу жөнүндөгү” тапшырмасына ылайык, Күмүштак айыл аймагынын башчысы Надырбаев Замирбек Медербекович Күмүштак айыл аймагынын 1-май, Жон-Коргон жана Кыргызстан айылдарында жергиликтүү тургундар менен катардагы жолугушуу жыйынын өткөрдү. Жыйынга айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, Бакай-Ата РИИБнын кызматкерлери жана айыл тургундары катышышты. Аталган жыйында

Жергиликтүү тургундардан жеринде кабар алган айыл аймак башчысы. Читать далее »

«Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот»

«Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот» деп бекеринен айтылбаса керек. 2025-жылдын 25-февраль күнү Жаштарды жана улуу муундарды ынтымакка чакырып, спортко кызыктыруу максатында Талас облусунун Айтматов районунда райондун жетекчиси -акимдин футбол турнири болуп өткөн. Аталган турнирге Боо-Терек айылынын 35 жаштан жогору болгон футбол боюнча курама командасы барып катышып, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Эске сала кетсем Боо-Терек командасы

«Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот» Читать далее »

Тазалыкты өзүбүздөн баштайлы!

Бүгүн 2025-жылдын 19-февраль күнү Күмүштак айыл аймагында массалык турдө ишембилик болуп өттү. Анда айыл аймагынын борбордук көчөсү аталган Ч. Сатаев көчөсүнүн эки тарабы, Кыргызстан, 1-Май айылдарындагы жол жээктери ар кандай таштандылардан тазаланды. Аталган ишембиликке айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана менчигинин түрүнө карабастан баардык ишкана, мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышышты. Ишембиликке болжолдуу 70 ден ашуун адамдар катышышты.

Тазалыкты өзүбүздөн баштайлы! Читать далее »

Советтик Армиянын Афганистан мамлекетинен чыгарылган күнүнүн 36 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара

Бүгүн, 2025-жылдын 14-февралында Бакай-Ата районунда Советтик Армиянын Афганистан мамлекетинен чыгарылган күнүнүн 36 жылдыгына арналган чоң майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Имаров Алгынбай Торалиевич, район аймагындагы айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана Ооган согушунун ардагерлери катышышты. Район аймагындагы Ооган согушунун ардагерлеринин катарында Күмүштак айыл аймагынын 2 ардагери Батырбек Акматов жана Эсенкан Бекешовдор да

Советтик Армиянын Афганистан мамлекетинен чыгарылган күнүнүн 36 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара Читать далее »

Элет элин кубандырган ЖАРМАНКЕ!

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан жарманке бул жумада дагы кызуу уланууда. Бүгүн 2025-жылдын 14-февралында уюштурулган жарманкеге Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек, Кыргызстан, 1-май жана Жон-Коргон айылдарынын айылдык товар өндүрүүчүлөрү жана сатып алуучулары катышышты. Жарманкенин жүрүшүндө эт, сүт азыктары, картошка, сабиз, пияз, жашылчалар жана тамак аш азыктары сатылды. Базар баасына

Элет элин кубандырган ЖАРМАНКЕ! Читать далее »

Соңку жаңылыктар!!!

2025-жылдын 22-январында болжол менен саат 5:00 чамасында Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы № 9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты жана аталган имараттын жарымында жайгашкан “Сүйүн апа” балдар бакчасынын имаратында өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен аталган имараттын чатыры жараксыз абалга келген. Баарыңыздарга белгилүү болгондой өрт катталган убакыттан тартып эле (05:30дан тартып) айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбаев Замирбек Медербекович

Соңку жаңылыктар!!! Читать далее »

Прокрутить вверх