Советтик Армиянын Афганистан мамлекетинен чыгарылган күнүнүн 36 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара
Бүгүн, 2025-жылдын 14-февралында Бакай-Ата районунда Советтик Армиянын Афганистан мамлекетинен чыгарылган күнүнүн 36 жылдыгына арналган чоң майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Имаров Алгынбай Торалиевич, район аймагындагы айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана Ооган согушунун ардагерлери катышышты. Район аймагындагы Ооган согушунун ардагерлеринин катарында Күмүштак айыл аймагынын 2 ардагери Батырбек Акматов жана Эсенкан Бекешовдор да […]