Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбаев Замирбек Медербековичтин Жаңы жылдык куттуктоо сөзү
Урматтуу Күмүштак айыл аймагынын тургундары! Кадырлуу меймандар! Сиздерди саналуу сааттардан соң кирип келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Узап бараткан жылда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп, анын алкагында Күмүштак айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана экономикасын өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер аткарылды. Күмүштак айыл аймагында аткарылган иштердин орчундууларына, б.а. тартылган инвестициялык долбоорлорго […]